"Коркууну билишпейт". "Талибан" кыймылы Ооганстандын чек арасына жан кечтилер батальонун жайгаштырды

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ооганстандын чек арасына атайын "жан кечти батальонун" жайгаштырууда. Бул тууралуу Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары Нисар Ахмад Ахмадиге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, чек арага жайгаштырылган жан кечтилер батальону "Мансурдун армиясы" деп аталат. Батальон Тажикстан, Пакистан жана Кытай менен чектеш Бадахшан провинциясынын чек арасына жайгаштырылган. Насар Ахмади батальон ооган өкмөтүнүн мурунку коопсуздук күчтөрүн бутага алган коркунучтуу чабуулдарды баштай турганын билдирген.

"Бул батальон болбогондо, АКШнын базасын талкалоо мүмкүн эмес болчу. Бул адамдар коркууну билишпейт, алар жардыргыч заттар менен жилет кийип, АКШнын Ооганстандагы базаларына чабуул коюшкан", - деген Ахмади.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстандын чек арасына жакын жашаган тажикстандыктарды сак болууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Usmanbekali
2021-10-03 11:25:25
Талибан бапеш!!!
+6
baisogur
2021-10-03 11:28:06
Талибан Бапеш Точикстон пырт пырт
+10
Aibek_eka
2021-10-03 13:51:05
baisogur,бироого олум тилегенче озуно омур тиле
-10
NURSAPAR
2021-10-03 11:31:15
Кошуна тынч өзүң тынч, так что сүйүнбөгүлө. Кудай сактасын алар бир нерсе болсо, Кыргызстанга сөзсүз кесепети тийет.
+15
SHahabidin-jabborov
2021-10-03 15:04:37
NURSAPAR,100 % !
+1
uli1234
2021-10-03 12:58:29
Талиптерди мактап жазып жаткан чала молдолор кана. Кудай сактасын тажиктерди басып алса. Чала молдолор жан кечти болуп ишке киресинер
+2
XATSAN125
2021-10-03 13:09:37
Иттер да булар иттер кет деген жагына кете берет.Жанды чыгарып шахид болду дегенине кулкун келет.
+3
Azat-123
2021-10-03 14:45:03
Враг моего врага мой друг деген сөзгө ушул жерден ынандым
+7
suban78
2021-10-03 17:01:22
Кудай сактасын дейли туугандар. Тажикти басса бизге соссуз зыяны тийет. Тажиктер бизге буферная зона да.
0
basyz-kaman
2021-10-03 19:25:18
Талибан биз үчүн кандай билбедим го бирок Тажиктерди ордуна коюп койсо жакшы болмок
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан