Ак-Жар конушундагы түтүккө 44 жаштагы эркек киши тыгылып калып каза болду

Аламүдүн районунун Ак-Жар конушундагы түтүккө 44 жаштагы эркек киши тыгылып калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ак-Жар конушундагы (Айланма унаа жолдун боюнда) арыктагы суу түтүкчөсүнө 1978-жылы туулган М.Б. аттуу эркек кишинин жансыз денеси тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, тыгылып калган кишинин жансыз денесин чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан