Оренбург облусунун бийлиги Гай шаарындагы медициналык колледждин үч студентине бычак сайган кылмышкер тууралуу маалымат үчүн бир миллион рубль сыйлык дайындады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, үч студент кыздын сөөгү Гай шаарынан 30-сентябрда эртең менен табылган. Кыздардын баары мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын бири жашы жете элек болчу. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Молодежная көчөсүндөгү батирде чыккан өрттү өрт өчүрүүчүлөр өчүргөндөн кийин эки кыздын сөөгү табылган. Үчүнчү кыздын сөөгү үйдүн короосунда жаткан. Алар 19 жаштагы Зульфия С., 18 жаштагы Адили К. жана 17 жаштагы Айгиз У. аттуу кыздар экендиги белгилүү болгон. Кыздар Башкириядан Гайга келишкен. Алар медициналык колледжде окуп, үчөө бир батирде ижарада жашашчу.
Үч кыз тең көкүрөгүнө жана курсагына сайылган бычактан каза болгон. Окуя болгон жерден алыс эмес жерде ашкана бычагы табылган.
Кыздардын туугандары жана достору 29-сентябрда кыздар батирде чакан кече уюштургандыгын айтышкан. Батирде чоочун адамдар болгон эмес. 30-сентябрь күнү түнкү саат 01:00 чамасында кыздардын бири социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан. Ал эми саат 03.45те өрт өчүрүүчүлөр үчөөнүн тең жансыз денесин табышкан. Ошол эле учурда кошуналардын эч кимиси кыздардын кыйкырган үнүн уккан эмес.
Учурда бул кылмышка байланыштуу 100дөн ашык киши суракка алынды. Укук коргоо органдары кылмыш жасалган аймактагы видеокамералардагы жазууларды алышкан жана бул материалдардын 14 түрдүү экспертизасы дайындалган.