Акыркы мезгилде психологдун жардамына аялдар эмес, көбүнчө мырзалар муктаж болгондой туюлат. Анткени өз эмоциясын башкара албаган мырзалар көптөгөн көйгөйлөргө туш болушат. Мындан сырткары ашыкча нерселерди сыртка чыгарбай, ичине топтой бергендиктен түрдүү ооруларга да кабылышат. Мырзалардын психикалык абалы тууралуу SUPER.KG порталына психолог Айдана Жапаралиева айтып берди.

- Негизи агрессия менен ар бир адам бала кезден баштап иштегенди үйрөнүшү керек. Бирок бул тууралуу эч ким ойлонбойт. Качан адамда агрессия пайда болгон учурда таманынан баштап дене бою ысып, жүзү албыра баштайт. Бул өңдүү кырдаалдан чыгуу үчүн психологдор атайын коопсуздук планын үйрөтүшөт. Мисалы, 10го чейин саноо же дем алуу гимнастикалары сыяктуу көнүгүүлөрдү үйрөтүшөт. Көбүнчө зомбулук жасаган адамдар бул план менен көп иштешет.
Аялдар кыйкырып-өкүрүп агрессиялык абалын көрсөтсө, баарыбыз сындайбыз. Аялдар сынга кабылбоо үчүн аз да болсо эмоциясын башкара алышат. Эркектер да эмоциясын башкара алышат. Бирок коомчулукта эркектер агрессивдүү абалын көрсөтсө, биз муну норма катары кабыл алабыз. Көптөгөн көйгөйлөрдүн тамыры ушул жерде. Дал ушул себептен улам алар агрессияны башка адамдан чыгарып алам деп ойлошот. Бири-бири менен мушташа кетишет. Андан сырткары эркектер бардык нерсени ичке топтой берип, 1 жылдан кийин же 1 айдан кийин чыгарышат. Бул туура эмес. Эркектер да, аялдар да эмоциялары жана жан дүйнөсү менен күнүгө иштеши керек. Бирок алар бул тууралуу биле беришпейт.

Эгер адам кыжырданып жүргөн болсо сөзсүз түрдө анын түрдүү себеби бар. Адам ойго чөмүлүп, өзүн-өзү жемелеп, жүрүш-турушу бузулат жана айрымдар ичкиликке берилип кетишет. Дагы бир жолу эскертем, адам өзүнүн сезимдерин башкара алат. Аны көзөмөлдөө үчүн эң аз дегенде төмөнкү көнүгүүлөрдү жасоо керек.
Өзүңүздү жеңил кармаңыз
Кээ бирөөлөр ачык ачууланууну адепсиздик деп ойлошсо, башкалары алсыздык деп түшүнүшөт. Бирок биздин күчүбүз алсыздыгыбызда. Агрессияны жок кылуу өзүңүздү жана алсыздыгыңызды кабыл алуудан башталат. Өзүңүзгө ачууланууга жана жек көрүүгө уруксат берүү маанилүү. Сиз өзүңүзгө күлүүгө тыюу салбайсызбы? Ал эми кубаныч да бул ачуулануу менен бирдей эмоция. "Жамандыксыз жакшылык болбойт, жек көрүүсүз сүйүү болбойт" демекчи алар бир бүтүндүн бөлүктөрү. Өзүңүздү айыптабастан же өзүңүздү күнөөлөбөстөн топтолгон терс эмоциялардан арылыңыз. Эмоцияңызды физикалык түрдө билдирүү керек болсо, муну өзүңүзгө же айланаңыздагыларга зыян келтирбестен жасаңыз. Жаздык алып, аны сабаңыз, жек көрүү катын жазыңыз, кийин аны майдалап жана өрттөңүз, адамдар жок жерден күч менен кыйкырып алыңыз.
Кечиримдүүлүк - агрессияны жоюу үчүн зарыл шарт
Чынчылдык ачууну башкарууда чоң жардамчы. Ачууланган же таарынткан адамга кайраттуулук менен "билесиңби, мага мындай кылганың жакпайт" же "мен сага ачууланып жатам, анткени..." деп айтыңыз. Албетте, бардыгын түздөн-түз билдирүү негиздүү эмес. Зомбулук көрсөткөн адамга күзгү аркылуу кайрылууга болот. Жиниңизди келтирген жагдайды эстеп жана сизди капаланткан адамды күзгүгө чагылдырып, ал жөнүндө ойлонгон нерселердин баарын билдириңиз. Жиниңиз тарагандан кийин аны чын жүрөктөн түшүнүүгө жана кечирүүгө аракет кылыңыз. Кечиримдүүлүк - агрессияны жоюу үчүн зарыл шарт.
Бир нерсе менен алек болууну үйрөнүңүз
Башкарылбаган эмоциялар сизге олуттуу зыян келтирип, карьераңызды же жеке жашооңузду бузушу мүмкүн. Андыктан сизди капаланткан таарыныч же ачуулануу менен кантип күрөшүүнү үйрөнүү өтө маанилүү. Агрессиядан жана ачуулануудан арылуунун эң оңой жолу - терең дем алып, 10го чейин саноо. Мүмкүн болсо сейилдөө. Адам өзүн-өзү алаксыта турган бир нече көнүгүүлөр бар. Эң жөнөкөйү жана пайдалуусу чарба иштери менен алектенүү. Көбүнчө аялдарга үй жыйноо сунушталат. Ал эми эркектер үчүн короодогу иштерди атасак болот. Албетте, спортту эстен чыгарбоо керек. Бул кыймылдар аркылуу терс энергиядан жана эмоциядан жеңил арылууга болот.
