Караколдо эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки кабаттуу үй толугу менен өрттөнүп кетти. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Каракол шаарындагы Шевченко көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.

Өрт саат 20:39да чектөөгө алынып, 23:30да толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен эки кабаттуу үй толук күйдү", - деп билдиришти ӨКМдан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда жана өрттөн жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан