Орусиядагы үч студент кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүүнүн сүрөтү жарыяланды

Оренбург облусунун Гай шаарындагы медициналык колледждин үч студентинин өлүмүнө шектүүнүн аты-жөнү жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, бул кылмышка Орск шаарынын 1991-жылы туулган Александр Лазарев аттуу тургунунун тиешеси болушу мүмкүн. Шектүү буга чейин соттолгон. Учурда ага издөө жарыяланды. Оренбург облусунун губернатору Денис Паслер студенттерди өлтүрүүгө тиешеси барлар тууралуу маалымат үчүн 1 миллион рубль сыйлык жарыялаган.

30-сентябрда Гай шаарындагы Молодежная көчөсүндөгү батирлердин биринен үч студент кыздын сөөгү табылган. Алгач полиция кызматы студенттерди өлтүрүүгө шектүү катары алардын биринин классташ баласын агасы менен кармады деген кабар тарап жаткан. Бирок кийинчерээк алар окуя болгон учурда Уфа шаарында экени белгилүү болуп, шектүүнү издөө улантылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KG-312
2021-10-03 14:52:37
Саяк жүрсөң таяк жейсиң дегендей, орустун кыздары ичип-чегип, наркотадан сайынып эле жүрүшөтта. Өздөрүнө окшогон бир наркош өлтүрдүда.
-4
Sajakat14
2021-10-03 22:58:37
KG-312,сын такпа! Орустун кыздарынын баары үчүн жооп бербе.Наркоман, алкаштар Кыргызстанда дагы бар.
+4
SHahabidin-jabborov
2021-10-03 15:01:49
Аллахга шукр Орто Азиялык эмес экен шектуу ...
+11
Eden-Hazard
2021-10-03 15:10:25
Супер инфо: Неге олуттуу саясий темаларга комментарий жазайын десең, жабык кылып койосунар? Же коркосунарбы???
+16
Pchelka85
2021-10-03 16:14:11
Классташ баласын кармаган жок. Просто биринчи шектуу деп жарыялашкан каза болгон бир кыздын жигитин. Анан ал бала озу чалып полицияга 2 жумадан бери Уфада экенин айткан. Алиби бар. Котормочу аркылуу которгула озунор тушунбосонор.
+2
Sajakat14
2021-10-03 22:57:24
Маньяк окшойт. Кебетеси башкача!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан