Долон ашуусунда жол тайгак болуп, жолго кум, шагыл себилүүдө (фото)

Бүгүн, 3-октябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда жаап өткөн кар аралаш жамгыр жана аба температурасынын төмөндөгөндүгүнө байланыштуу жол тоңголок болуп, 2 жеңил унаа калганы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

"Министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыктын ыкчам тобу №41 жол тейлөө мекемеси менен биргеликте жардам көргөзүү, ошондой эле ыкчам топ координациялоо иштерин жүргүздү. Жолго кум шагыл себүү иштери жол тейлөө мекемесинин күч каражаттары тарабынан аткарылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан сырткары чоң жүк ташуучу унааларды ашуудан чыгаруу иш-чаралары аткарылууда. Учурда жол ачык, тыгындар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан