“Байгенин көпчүлүгүн бир тасманын алып кетиши мага да жакпайт”. “Ак илбирс” кино сыйлыгынын негиздөөчүлөрү жыйынтык боюнча кандай пикирде?

1-октябрь күнү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгы быйыл 9-ирет өтүп, 16 номинация боюнча жеңүүчүлөр сыйланган.

2019-жылы кино сыйлыкка талапкерлигин көрсөткөн 40 арыз келип, алардын арасынан 61 мүчөдөн турган комиссия жабык добуш берүү жолу менен сыйлыкка татыктууларын аныктаган. Ал эми аталган сыйлыкты тапшыруу аземи 25-апрелге белгиленип, бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Жыйынтыгында Мирлан Абдыкалыковдун “Жөө күлүк” тасмасы 9 номинация боюнча байгеге татыган.

Ал эми сынак боюнча "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таалайбек Кулмендеев төмөнкүлөргө токтолду:

“Байгенин көпчүлүгүн бир фильмдин алып кетиши мага да жакпайт. Коомчулуктун терс пикирин жаратпай, “Ак илбирс” сыйлыгы сынакка катышкан бардык тасмаларга берилсе болмок. Мындай учур буга чейин деле болуп келген. Маселен, былтыр “Дарак ыры”, андан мурунку жылы “Атанын керээзи”, “Кентавр”, ошол эле “Курманжан Датка” тасмаларына да көп сыйлык берилген. Ошондуктан кийинки жылдан баштап сынактын жыйынтыгын буга чейин аталган сыйлыкты алып келген академиктер чечишет. Албетте, тасмаларга карата сын-пикирим жок, бардыгы профессионалдуу. Болгону бул менин жеке оюм".

Буга улай эле аталган сыйлыктын негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр Эрнест Абдыжапаров мындай деди:

“Өздөрү уюштуруп, өздөрү алып жатат деген сөз таптакыр чындыкка жатпайт. Мен сынак башталган жылдан бери катышып келем. Бирок чындыгында тарткан тасмаларым боюнча бир да сыйлык ала элекмин. Бул сынактын калыс өтүүсүнөн кабар берет. Биз уюштуруучулар болгону тасмаларды сынакка кабыл алабыз. Ал эми жыйынтык чыгарууну юридикалык компания өз көзөмөлүнө алып, сынак болор күнү жыйынтыкты конвертке салып алып келишет. Эң негизгиси, максатыбыз - жаштарыбызды кино тармагына аралаштыруу жана кызыктыруу болуп саналат".

Эскерте кетсек, калыстар тобу тасманын негиздөөчүлөрүнүн жана лауреаттарынын, эмгек сиңирген артисттердин, режиссёр, оператор, актёрлордун жана башка адистиктердин тизмесинен "кокусунан" туш келди тандоо системасы менен (https://www.random.org/) тандалып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2021-10-03 21:29:54
Өзү бир эле кино фестиваль болсо Кыргызстанда. Аны да жаман жакшы дебей, саясатташтыра бербей татыктуу көтөрөлү эл аралык деңгээлге, уктунарбы?))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан