Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндердин күрөшү боюнча чүчү кулак аземи болуп өттү.
Анда Дүйнө чемпиондугуна катышып жаткан үч кыргыз балбан кыздын алгачкы атаандаштары аныкталды.
62 килограмм салмактагы дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык Нонока Озаки аттуу балбан менен кез келет.
68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова түштүк кореялык Минжи Ха аттуу балбан менен кез келет.
Ал эми 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы болгариялык Мария Оряшкова менен кез келет.
Бул беттештер эртең, 4-октябрда башталат.