Осло-2021: "Бирөө коло байге үчүн". Бүгүн 3 кыргыз балбаны килемге чыгат. Кимдер? (тизме)

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтөт.

Мелдешке эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда шри-ланкалык Каруна Пели Гедара аттуу балбан менен кез келет.

Ал эми 62 килограмм салмактагы дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык Нонока Озаки аттуу балбан менен кез келет.

Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге үчүн бүгүн, 4-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө күрөшөт. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akjol18
2021-10-04 09:18:12
Ийгилик,ден соолук балбандарыбызга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан