Гай шаарындагы үч студенттин өлүмү: Алар зордукталган

Орусиянын Оренбург облусунда өлтүрүлгөн медициналык колледждин үч студенти зордукталган. Бул тууралуу соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянуу менен Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Каза болгон кыздардын далысында көп сандаган кесилген жаракаттардан тышкары, башка жаракаттары бар. Ошондой эле биологиялык суюктуктун калдыктары бар болгон. Бул зордуктоону көрсөтөт", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздар жылаңач болгон.

30-сентябрда Гай шаарындагы Молодежная көчөсүндөгү батирлердин биринен үч студент кыздын сөөгү табылган. Алгач полиция кызматы студенттерди өлтүрүүгө шектүү катары алардын биринин классташ баласын агасы менен кармады деген кабар тарап жаткан. Бирок кийинчерээк алар окуя болгон учурда Уфа шаарында экени белгилүү болуп, шектүүнү издөө улантылган. Учурда бул кылмышка шектүү катары Орск шаарынын 1991-жылы туулган Александр Лазарев аттуу тургуну изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан