Индияда учак Дели шаарындагы аэропортко жакын жердеги жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн алдында калып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышып, видео менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, эски учак башка адамга сатылган. Ал аны башка жакка которууну чечкен, бирок учактын көлөмүн эске алган эмес. Мындан улам лайнер чоң жолдун бир бөлүгүн тосуп калган.
Жарыяланган видеодо учак жарым-жартылай жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн астынан өткөнүн, куйругу тыгылып калгандыгы көрсөтүлгөн. Ал эми аэропорттун кызматкерлери журналисттерге лайнер аларга таандык эмес экендигине ишендиришкен.