Токмок шаарында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, автокырсык 2-октябрда саат 11:30 чамасында катталган.
"Гагарин жана Шамшинский көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Рав 4 унаасы менен Мазда унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Тойота Рав 4 унаасындагы 2 жүргүнчү каза болду. Мындан тышкары 7 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилди", - дешти мекемеден.
Жол кырсыгынын келип чыгышы иликтенип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кырсыкка кабылган Тойота Рав 4 унаасы президенттик аппаратка таандык экени айтылды. Бул боюнча өлкө башчынын аппаратына кайрылганыбызда унаа алардын администрациясына таандык эместигин билдиришти.