Кыргыз футбол союзунун президенттигине эки талапкер бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Билдирүүгө ылайык, биринчи талапкер Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Семетей Султанов. Экинчи талапкер Кыргыз футбол союзунун мурдагы башкы катчысы Медер Сыдыков.
КФСнин президентин дайындоо 11-октябрда өтөт. Президентти Кыргыз өлкөсүндөгү футбол лигаларынын өкүлдөрү дайындайт.
Эске сала кетсек, Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2019-жылдын бери иштеп келген.