Цехтеги мазут менен таштанды өрттөнүп, аны өчүрөбүз деген 2 кароолчу катуу күйүк алып жандандыруу бөлүмүнө түштү

Чүй облусунун Виноградное айылында цехтин ичинде таштанды жана мазут күйдү. Кырсыктын кесепетинен 2 кароолчу күйүк алды дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, айылдагы иштетилбеген шарап заводдун аймагында учурда менчик механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан цехтин ичинде таштанды, мазут жана автопокрышкалар күйдү. Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзөт.
"Өрттү ишкананын кароолчулары өздөрү өчүрүүгө аракет кылышкан. Мындан улам 1985-жылы туулган К.З. аттуу жаран бет, моюн жана колунан күйүк, 2003-жылы туулган К.У. денесинин 50 пайызынан күйүк алды. Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу (реанимация) бөлүмүнө жеткирилди.
Өрт саат 03:15те чектөөгө алынып, 05:31де толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан