Оренбург облусунун Гай шаарында үч студент кыздын өлүмүнө шектүү Александр Лазарев кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, шектүү Орск шаарынан кармалган. Аны кармоо учурунда унаа уурдап качууга аракет кылган. Александр Лазарев буга чейин тогуз жыл түрмөдө отуруп, белгиленген тартипти бир нече жолу бузуп, дайыма жаза камерасына жөнөтүлүп турган.
30-сентябрда Гай шаарындагы Молодежная көчөсүндөгү батирлердин биринен үч студент кыздын сөөгү табылган. Алгач полиция кызматы студенттерди өлтүрүүгө шектүү катары алардын биринин классташ баласын агасы менен кармады деген кабар тарап жаткан. Бирок кийинчерээк алар окуя болгон учурда Уфа шаарында экени белгилүү болуп, шектүүнү издөө улантылган.