Япон өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Премьер-министр Ёсихидэ Суги жетектеген япон өкмөтү 4-октябрда толугу менен отставкага кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Ёсихидэ Суга жетектеген Япониянын өкмөтү толугу менен отставкага кетти. Муну менен саясатчы Либерал-демократиялык партиянын лидерлиги үчүн күрөшүүдөн баш тарткан. Мындай чечим автоматтык түрдө Суганын премьер-министрликтен баш тартуусун билдирет. Жыйынтыгында өткөн шаршемби күнү саясий күчтүн ички шайлоосу өтүп, анын жеңүүчүсү 2012-2017-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген Фумио Кисида табылган.

Бүгүн, 4-октябрда япон парламентинин эки палатасы тең премьер-министрдин талапкерлигине добуш беришет. Кийинчерээк ал өзүнүн өкмөтүн түзө алат. Эреже катары, министрлер кабинетинин башчысы парламентте көпчүлүктү түзгөн партиянын башчысы болуп калат. Бул азыр Либерал-демократиялык партия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан