Сүрөтчү жана карикатурист Ларс Вилкс жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мухаммед пайгамбардын карикатураларын тарткан Ларс Вилкс Швециянын түштүгүндө болгон жол кырсыгынан каза болуп, аны кайтарган эки полиция да көз жумду. Кырсык жекшемби күнү түштөн кийин Маркарид шаарынын жанында болгон. Сүрөтчү бараткан унаа жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, анын кесепетинен унаалар күйүп кеткен.
Ларс Вилкс 1946-жылы Швецияда туулган. Ал 1987-жылы Лунд университетинен искусство таануу илимдеринин кандидаттыгын алган жана 1988-1993-жылдары Осло улуттук көркөм академиясында иштеген. 1997-жылдан 2003-жылга чейин Берген шаарындагы Улуттук көркөм академиясынын искусство теориясы боюнча профессору болгон.