Ысык-Көлдө "Баш-Көл" тоо тарапка кеткен аял менен эркек дайынсыз болуп изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, алар 18-сентябрдан дайынсыз.
"1977-жылы туулган А.М. (эркек) жана 1976-жылы туулган Р.М. (аял) Эңилчек айылынан чыгып, "Баш-Көл" тоосу тарапка кетишкен. Алар 28-сентябрь күнү кайтып келиши керектигин туугандары куткаруучуларга билдиришкен. Бирок жогорудагы адамдар 18-сентябрдан тарта дайынсыз болуп, кайтып келген эмес.
Мындан улам издөө иштери өз алдынча жүргүзүлүп, натыйжасыз болгон. Бүгүн, 4-октябрь күнү таңкы саат 06:00дө жалпы 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталды", - дешти министрликтен.