Бишкекте казак маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Казак маданиятын даңазалаган маданият күндөрүн Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектеп келет. Маданият күндөрүнүн программасында Казакстандын искусство чеберлеринин концерти, казак кино күндөрү, Казакстандын археологиялык артефактары менен көркөм сүрөт көргөзмөсү, этно-фольклордук концерт жана казак элинин улуу акыны агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу Абай Кунанбаевдин өмүрүнөн алынган "Абай операсы" көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, Казакстандан 300дөн ашуун белгилүү маданият өкүлдөрү келет. Маданий иш-чара 7-8-9-октябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.