ЖМК: "Кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси жол кырсыгынан каза болду" (сүрөт)

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Автокырсык бүгүн, 4-октябрда эртең менен орун алды. Анда Чолпон-Ата шаарынан Балыкчыга бара жаткан Лексус 300 унаасынын айдоочусу бурулуштан рулга ээ боло албай калган. Унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1937-жылы туулган А.А. жана жубайы 1940-жылы С.С. окуя болгон жерден көз жумду", - дешти мекемеден.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары каза болгондор кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси экенин жазып чыгышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baatirbek81
2021-10-04 13:13:43
Ыймандары саламат болсун!
+19
ainura220888
2021-10-04 13:42:35
1937-жылкы болсо 84тогу аксакал экенда. Кемпири да 81ге чыгып калган экен. Атамда 37- жылкы эле 76да каза болгон. Озу машина айдаса ушул курагында тын болчу экенда.
+13
rahat73.
2021-10-04 14:05:10
Жаткан жери жайлуу болсун
+10
KaGaH
2021-10-04 14:27:18
Рыспектин үй бүлөсүн көбүн өлтүрүп тынышты,бул жерде кокустукпу же атайын уюштурулганбы бир кудай билет,жаткан жерлери жайлуу болсун,омийин!
+11
Antiradikal3
2021-10-04 14:34:41
Жаткан жери жайлуу болсун..... 84тогу абышка, 81деги кемпирин небере-чеберелери эле машинеде алып журушпоптур эле да. Тагдырдын жазмышы ушул экен.......
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан