"Головиндин ордуна". Ильзат Ахметов Словакия жана Словения командаларына каршы оюнга чакырылды

Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн футболчу Ильзат Ахметов Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагындагы Словакия жана Словения курамаларына каршы ойноо үчүн Орусия курамасына чакырылды. Бул тууралуу Орусиянын футбол федерациясынын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Франциянын "Монако" командасынын орусиялык жарым коргоочусу Александр Головин жаракат алып калган. Мындан улам Ильзат Ахметов анын ордуна улуттук курамга чакыртылган.

8-октябрда Орусия курама командасы Казань шаарында Словакия менен, 11-октябрда Марибор шаарында Словения курамасы менен ойнойт.

Май айындагы Европа чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Ильзат Ахметов Орусия курамасына чакырылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-10-04 14:16:30
Эмне эле жазасынар постоянно?Или урааа Ахметовду сборныйга чакырыптыр деп суйунушубуз керекпи?
+4
Chagylgan7
2021-10-04 16:02:24
Молодец,ошол жактан козго корунуп дагы чон ийгиликтерге жет.Озу ушул баладан бир нерсе чыгат
-2
KG-312
2021-10-04 18:45:59
Бул саткынды чыгарбайле койгула, Кр үчүн бир тыйында пайдасы жок.
+3
uz.nookat
2021-10-04 19:20:17
Бизге эмнеге жазасынар кереги жок адамжын давлнниясын чыгарып,болду ал биздин футболчубуз эмес ал Россияныкы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан