Биз социалдык тармакта

Кыргыздын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Арменияга дагы элчи болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат ишин айкалыштыруу боюнча Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргыздын Армениядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Өмүр баяны:

Гүлнара-Клара Самат 1963-жылы 20-августта Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1987-1991-жылдары кесиптик техникалык училищесинде баштапкы комсомол уюмунун катчысы;

1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген.

2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган;

2005-2006-жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген;

2006-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган;

2006-2007-жылдары президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору;

2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон;

2018-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңештин депутаты.

2021-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal3
2021-10-04 14:30:24
Мына ушул "чимкирикти" элчи кылып дайындаган Жапаров "колхоз" эмей ким ошондо?! Россияда миллионго чукул мигрант жарандарыбыз эмгектенет, жашайт. Копчулугу айла жоктон мигрант болуп тентип журот, жакындарын, кары ата-энелерин, чиедей наристелерин таштап, туулган жеринен, Мекенинен алыста. Мына ошол мигрант боордошторубуздун проблемаларын бул "чимкирик" катын элчиликтеги ончой чимкирик командасы менен чечип берип жатабы кыйратып?! Жапаровдун кадрларынан конул айныйт
+3
Nurik1988
2021-10-04 14:47:05
Antiradikal3,Сага Ким жагат озу баарын жаман дей берсен жаман боло берет, айтчы Москвада Кайсы Элчи ушуга чейин жакшы иштеди эле?
0
Antiradikal3
2021-10-04 19:50:38
Nurik1988, ошону билет экенсин, айтпайт белен колхоз шефине, тааныш, тууган-билиштерин кыргыздар аз Европа, Африка олколоруно элчи кылып кое берсин эле, Россияга элдин койгойун чече турган, колунан иш келген профессионал кадр дайындаса болбойт беле элчи кылып? Элчиликте иштегендерди бут, кароолчусуна чейин алмаштырып жанылап...

Чет олкодо мигрант боордошторубуз ар кпндай койгойлорго туш болуп кайда кайрылаарын билбейт. Элчиликтен жардам сураган менен толк чыкпаса...
+2
Samash-87
2021-10-04 15:47:23
Antiradikal3,Россиядагы элчиликти жоюп эле коюш керек бекер эле аларды мамлекеттин эсебинен бакпай.Ансыз деле элге пайдасы тийбегенден кийин.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан