Дүйнө чемпиондугу: "10:0". Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта катышкан Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде шри-ланкалык балбан менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты. 1/8 финалда кыргыз балбаны быйыл Европа чемпиондугунда коло байге уткан армениялык Арман Андреасян менен кез келет.

Эрназар Акматалиев быйылкы өлкө чемпиондугуна 65 килограмм салмакта катышып, финалда Алибек Осмоновго 8:8 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chagylgan7
2021-10-04 15:59:43
Кичинкей болуп аябай аракетчил бала экен.Ушунусунда женишке жетсин эми
+4
bakytsabyrovich88
2021-10-04 17:08:12
Азаматсынар кыргыздын жигиттери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан