“Кызыл алма” чыгармасына таасирленген Аскат Мусабеков “Сенин, менин издерим” ырына клип тарттырды

 Аскат Мусабеков    “Сенин, менин издерим”  аттуу ырына клип тартып, күйөрмандарына тартуулады.  Клип   Ысык-Ата районунун  Алмалуу айылында, Сайфудин Мурзаев тарабынан тартылган. Аталган ырды ырчы 2008-жылы жаздырган. Ырдын сөзү, обону  Дербишкан Ажиевге таандык.    

 “Клиптин мааниси  айылдагы балалык кездеги сүйүүнү чагылдырат. Тартуу идеясы мага Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасын окуп, таасирленгенден кийин келди”,- деп ой бөлүшөт ырчы SUPER.KG порталына. Мындан тышкары ырчы 27-28 - ноябрда Ош  шаарында концерт бере турганын жана репертуарын да жаңыртып, жаңы ырларды жаздырып  жатканын кошумчалайт .

Сенин, менин издерим
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан