Осло-2021: Эрназар Акматалиев күчтүү делген армениялык балбанды жеңди

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугунда шри-ланкалык балбанды жеңип 1/8 финалга чыккан Эрназар Акматалиев армениялык Арман Андреасян менен кез келди.

Биринчи бөлүк 2:0 эсебинде атаандаштын пайдасында аяктады. Экинчи бөлүктө кыргыз балбаны бир топ активдүү болуп, 4 упай, андан кийин дароо эле 2 упай алды.

Каршылаштын машыктыруучусу челлендж баскычын баскандан кийин калыстар видео кайталоодон карап, Эрназар Акматалиевге дагы 2 упай ыйгарды.

Эрназар Акматалиев каршылашынын үстүнөн 11:2 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты. 1/4 финалда кыргыз балбаны ирандык Эрфан Элахи менен кез келет.

Эрназар Акматалиев быйыл жайында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында индиялык Бажранг Пуния аттуу балбанга 3:3 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2021-10-04 16:37:05
Маладес!!! Азамат!!!
+1
KBD1987
2021-10-04 17:05:34
Буйруса алтын кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан