Ош мамлекеттик университетинде "Стилдүү студент" кароо-сынагы өтөт
Ош мамлекеттик университети тарабынан
Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата
12-ноябрда "Стилдүү студент" кароо-сынагы болуп өтөт. Кароо-сынактын жүрүшүндө университеттин 12 факультетинен 12 жуп түгөй катышып, күз-кыш айлары боюнча кийинүү стилдерин көргөзүшөт. Алар "Эркин стиль", "Классикалык стиль" жана "Кечки стиль" болуп саналат. "Иш-чаранын максаты -жаштардын кийинүү табитин арттырып, коомдук жайларга кандай кийинүү керек экендигин кароо-сынак аркылуу көрсөтүп берүү, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу"- дейт окуу жайдын Тарбия департаментинин директору Замир Бөжөнөв. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө Ысык-Көлгө жолдомо берилет.