"Аалам" партиясы шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирме берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-октябрдагы отурумда БШК партиянын билдирүүсүн карап, чечим кабыл алды. "Аалам" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.