Индонезияда жалаң пластик калдыктардан курулган музей ачылды

Индонезиянын Гресик шаарында экология кызматкерлери ачык асман алдында жалаң пластикалык каражаттардан музей курушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган музейди курууга 3 ай убакыт кеткен жана 10 миңден ашык пластик калдыктар керектелген. Кызматкерлер музейди курууда таштандылардан, көл жээктеринен жана көчөлөрдөн чогултулган желим баштыктарды, желим бөтөлкөлөрдү жана башка пластикалык каражаттарды колдонушкан.

Демилгечилер бул иш менен адамдарды таштанды таштоо адатынан арылтуу жана пластикалык каражаттарды колдонуудан баш тарттыруу максатын көздөшкөн.

"Биз адамдарга колдон келсе бир жолу колдонулуучу пластикалык каражаттарды пайдаланбоо керектигин айткыбыз келди. Себеби аларды кайра иштеп чыгуу кыйынга турат. Ал нерселер айлана-чөйрөбүздү жана биздин азык булагыбыз болгон сууларыбызды булгап жатат", - деп билдирген музейдин негиздөөчүсү Приги Арисанди.

Белгилей кетсек, Индонезия пластик көйгөйү курч өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Аталган өлкө пластик калдыктарынын көлөмү жагынан дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда турат. Ал эми Кытай, Индонезия, Филиппин жана Вьетнам өлкөлөрү кошулуп дүйнөдөгү пластик калдыктарынын жарымын түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан