Төмөнкү Ала-Арчадан жоголду деп изделип жаткан 2 жаштагы бала табылды

Аламүдүн РИИБине 38 жаштагы Бурулбүбү аттуу Бишкек шаарынын  тургуну  арыз менен  кайрылган. Арызында 2 жаштагы иниси 24-октябрь күнү Аламүдүн  районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында  дайынсыз жоголуп кеткендигин жазган.  Бул иш боюнча  райондук милиция  кызматкерлери  айтылган дарекке  барышып, жоголгон баланын 35 жаштагы атасы спирт ичимдигин ичерин, 29 жаштагы апасы  бир ай мурун 2 жаштагы баласын таштап кетип калгандыгын такташкан. Ал эми  коңшуларынын  айтымында,  ошол күнү  бала белгисиз бир  аял менен  үйүндө жүргөнүн көрүшкөн. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында  жоголгон 2 жаштагы бала 4-ноябрь күнү  Бишкектеги   Учкун кичи  районундагы балдар  үйүнөн табылган.  Маалыматтарга  караганда,  аны  24-октябрь күнү  кечинде  балдар  үйүнө белгисиз бирөө алып келген.  Учурда,  баласына тиешелүү тарбия бербегени үчүн анын ата-энесин жоопкерчиликке тартуу маселеси чечилип жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sagy
2013-11-07 13:16:59
Боору ооруган бироо алып барса керек(
+1
Ulik82
2013-11-07 22:57:50
Sagy, обаа бироо эле алпарып таштаган.туура эле кылган.кыйнабай баланы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан