Осло: "Жарайсың". Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугунда ирандык балбанды жеңип жарым финалга чыккан Эрназар Акматалиев орусиялык Евгений Жербаев менен кез келди.

Эрназар Акматалиев беттештин биринчи бөлүгүндө аттаандашын жамбаш ыкмасына салып, 4 упай алды. Андан пайдаланган каршылаш кыргыз балбанынын артына өтүп, 5 упай алууга жетишти.

Экинчи бөлүктө Эрназар Акматалиев атаандашын килемден түртүп чыгарып 1, артына өтүп 2 упай алды. Муну менен жалпы эсеп 7:5 болуп беттеш аяктады.

Каршылаштын машыктыруучусу челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоону көрүп, кыргыз балбанына дагы бир упай ыйгарды. Жыйынтыгында жалпы эсеп 9:5 болуп, Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.

Эрназар Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен кез келет. Финал эртең, 5-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KBD1987
2021-10-04 21:00:02
Оо мына буйруса оомат биздин балбан жигитте.
+6
Oryol-bala
2021-10-04 21:48:18
Азаматсың Эрназар, намыска жарап алтын медаль ут буюрса
+3
33SUUN
2021-10-04 23:05:31
Молодец! Медаль утуп келип сен дагы той откор!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан