Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери башталды.
Бул Дүйнө чемпиондугуна 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен кез келди.
Айсулуу Тыныбекова биринчи бөлүк башталганда эле каршылаштын артына эки жолу өтүп, 4 упай алды. Биринчи бөлүк 4:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.
Экинчи бөлүктө каршылаш Айсулуу Тыныбекованы килемден түртүп чыгып 1 упай алды. Беттеш 4:2 эсебинде жыйынтыкталды.
Каршылаштын машыктыруучусу дагы челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоону көрүп, кыргыз балбанына дагы бир упай ыйгарды.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
Айсулуу Тыныбекова жарым финалга беларустук Вераника Иванова аттуу балбан кызды жеңип чыккан.