Түркмөнстандын президенти Ооганстандын жаңы өкмөтү менен иштешүүгө даяр экендигин билдирди

Түркмөнстан Ооганстандын жаңы өкмөтү менен тыгыз иштешүүгө даяр. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов ТАСС басылмасына берген маегинде билдирген.

Өлкө башчысынын айтымында, Түркмөнстан Ооганстандагы акыркы кырдаалга көз салып жатат жана бул өлкөдөгү саясий-экономикалык абал тынчтык жолу менен жөнгө салынарына ишенет.

"Түркмөн-ооган бир туугандык байланышты бекемдөө үчүн Ооганстандын жаңы өкмөтү менен тыгыз иштешүүгө даярбыз. Ошондой эле бул өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын турукташышы үчүн керектүү жардамды берүүгө даярбыз", - деген өз сөзүндө Бердымухамедов.

Мындан тышкары ал башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишпестен, нейтралдуу жана тынчтык мамилени карманарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан