Facebook, Instagram жана WhatsApp'тын ишинин үзгүлтүккө учурашы 160 миллион долларлык кирешени жоготот

Facebook, Instagram жана WhatsApp'тын ишинин үзгүлтүккө учурашы 160 миллион долларлык жоготууга алып келет. Бул тууралуу дүйнөлүк интернетке мониторинг жүргүзүүчү жана киберкоопсуздукту камсыздоочу "NetBlocks" долбоорунун эксперттери билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрь күнү кечки убактан тартып Facebook, Instagram жана WhatsApp мессенжерлери иштебей жатат. Эксперттердин Твиттер аркылуу берген маалыматына караганда, бул нерсе дүйнөлүк экономикага 160 миллион долларга жакын зыян алып келиши мүмкүн.

Булардан тышкары Telegram, Google, YouTube жана Amazon'дун иштөө ылдамдыгында да олуттуу көйгөйлөр жаралганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
O.dembele
2021-10-05 01:05:35
Менде иштебей ататко Ватсап фейсбук инстаграм.
+4
Umar7
2021-10-05 01:07:09
Качан иштейт
+2
Egizderim-baktim
2021-10-05 01:22:36
Иштебей калган эмес дагы деле иштей элек
+2
jaskaaa
2021-10-05 01:51:49
Мейли кичине иштебей турса экен
+2
Alinur96kg
2021-10-05 03:43:28
Инстаграм иштебей, жанымдагы чогуу жашаган балдар менен биринчи жолу от души суйлоштук ко.Корсо булар деле коп суйлогон балдар экен.
+6
Cherik.777
2021-10-05 04:23:45
Шайлоодо ушундай болуп калбаптырда
+1
Chagylgan7
2021-10-05 04:42:17
Мурун максимум бир саат сбой болот Эле ,мунусунда жёстко.Чын аябай ооруу болуп калыптыр Вотсап мн инста .Иштебей жатканда бир нерсем жетишпегендей Эле телефон тиктеп отуруп калдым
0
nurka_85
2021-10-05 06:21:48
Иштебей калганын деле билбепмин го, анчалык деле оорулуу эмес окшоймун деп ойлоп калдым озумду.
0
CAPATAH
2021-10-05 10:19:57
Мен жатып от души уктадым.
0
Katrina.
2021-10-05 10:20:17
Иштеп эле жатат,качан иштебей калды?
0
Nuret94
2021-10-05 12:58:45
Katrina.,кечинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан