Ооруп жатканы тууралуу имиштер тараган. Түрк президенти баскетбол ойноп жаткан видеосун жарыялады

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ден соолугуна байланыштуу айтылып жаткан ар кандай имиштерден кийин өзүнүн Твиттер баракчасына баскетбол ойноп жаткан видеосун жарыялады.

Анда өлкө башчысынын бир канча адамдар менен баскетбол ойноп жатканын көрүүгө болот. Ал тургай Эрдоган өзү бир канча ирет топту себетке ийгиликтүү түшүрө алган.

Ал эми президент менен топ ойногондор анын теңтуштары, министрлер жана башка жогорку кызмат адамдары болгону маалымдалды.

Эске салсак, буга чейин Режеп Тайип Эрдогандын катуу оору менен күрөшүп жатканы айтылып келген. Ал эми өзү азырынча бул тууралуу эч нерсе айта элек.

Эрдогандын баскетбол ойноп жаткан видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан