Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили ачкачылыкты качан токтоторун айтты

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили бийлик аны жана камактагы шериктери деп эсептегендерди бошотмоюнча ачкачылыкты улантат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалган. 1-октябрдын таңында Саакашвили Грузияга кайтып келгенин жарыялаган, ошол эле күнү ал камакка алынган. Грузиянын укук коргоо органдарында анын Украинадан Грузияга болгон кыймылы тууралуу алдын ала маалымат бар экени кабарланган.

Өз кезегинде Грузиянын учурдагы президенти Саломе Зурабишвили Саакашвилиге ырайым берилбей тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан