Өзбекстанда президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 14-20-октябрда өтөт. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шайлоо күнү жашаган жеринде боло албаган шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн шайлоочу себебин көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо тилкесине кайрылат.
Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.