Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг компаниянын ишинин үзгүлтүккө учурашынан улам 6 миллиард 600 миллион доллар кирешесин жоготту. Мунун менен ал миллиардерлердин тизмесинде 6-орунга жылып кетти. Бул тууралуу "Forbes" журналы эсептеп чыкканын чет элдик басылмалар жазышты.
Журналдын маалыматына караганда, Марк Цукербергдин байлыгы 5,4 пайызга же болбосо 6 миллиард 600 миллион долларга азайып кеткен. Учурда калган байлыгы 116 миллиард 100 миллион долларды түзүп турат.
Ал эми Цукербергди 117 миллиард 800 миллион доллар байлыгы бар "Oracle" программалык камсыздоосунун түзүүчүсү Ларри Эллисон ашып өттү.
Эске салсак, Facebook, Instagram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши үзгүлтүккө учураган.