Парламент комитетинде тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча чаралар тууралуу маалымат угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
"Күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле Кыргыз-Кытай чек арасында жүк ташуу менен байланышкан кырдаал жөнүндө" токтомунун аткарылышы 5-октябрда саат 14:00дө каралат.
Баяндамачы катары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жазылган. Аны менен кошо министрлер кабинетинин бир канча өкүлдөрү чакырылган.