Бир жыл мурун, тагыраагы 2020-жылы 5-октябрда өлкөдө башалмандык башталып, анын аягы бийлик алмашуу менен аяктаган.
Анда сөз башынан болсун.
2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, башаламандык орун алган. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышкан. Тилекке каршы, митингде 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу ооруканада көз жумган. Аталган окуяда 1250 адам жаракат алган.
5-октябрдагы окуянын катышуучулары жана жаракат алган жарандар "Кыргыз Үмүтү" коомдук бирикмесин түзүшкөн. Анын жетекчиси Саламат Алмазбек уулу аталган окуянын жыйынтыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Октябрь окуясы болгонуна бир жыл болуп калды. Бул окуянын максаты люстрация болчу.
Мамлекетте өзгөрүү боюнча "Кумтөр" тууралуу айта алам. Аталган компания Кыргыз өлкөсүнө кайтарылып алынганы өтө жакшы кабар деп ойлойм", - деп билдирди Алмазбек уулу.