Токмоктогу медициналык борбор тарабынан мамлекетке 2 жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталды

Токмок шаарында мамлекетке 2 миллион 500 миң сомдон ашуун зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан шаардык Жалпы дарыгердик практика борборунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке 2 миллион 502 миң 885 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Тактап айтканда, 2020-жылы аталган медициналык мекемесинин кызмат адамдары жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм деп мыйзамсыз жол менен 2 миллион 133 миң 615 сомду короткон.

"Ошондой эле алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен 369 миң 270 сом акча каражатын ыйгарып алышкан. Жогорудагы фактылар боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан