6-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында Бишкек-Ош жолунун 11-чакырымында чыгышты көздөй бет алып бара жаткан автоунаа Новопокровка айылынын эки тургунун сүзүп, аларга тез жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабырлануучулар алган жараатынан улам каза табышкан. Бул факты боюнча Сокулук РИИБи кылмыш ишин козгоп, ыкчам иликтөө тобу ушул эле күнү саат 4:30дар чамасында изи сууй электе кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал Сокулук районунун тургуну 40 жаштагы Э.Алмазбек болуп чыккан. Аны текшерүүгө алганда мас абалында болгон.