420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Чүйдө тоноого шектүү жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери опузалоо жолу аркылуу тоноого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын күз мезгилинде белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышканы аныкталган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана товарын толук тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган С.Б. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан