Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүп жатат.
Иш-чарада "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагына катышкан катышуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
"Жылдын мыкты тарбиячысы" болуп Ош облусунун "Ак каркыра" балдар бакчасынын тарбиячысы Маргарита Нагаева табылды. Ага 100 миң сом акчалай сыйлык жана министрликтин Ардак грамотасы тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолууда.