Чөптүн баасы асман чапчып турганда Чүйдө өрт кырсыгынан 450 боо жүгөрү бакал, 200 түк чөп жана 1,5 тонна эндей чөп күйүп кетти

Кечээ, 4-октябрда түштөн кийин Чүйдө ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен сарай, 200 түк чөп жана 1 жарым тонна эндей чөп толугу менен күйгөн.

"Он Бир-Жылга айылында ири өрт кырсыгы катталды. Саат 15:02 чамасында өрт өчүрүү бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Саат 15:44 чамасында өрт чектөөгө алынып, өрт саат 18:33тө толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 30 чарчы метр болгон сарай, 450 боо жүгөрү бакалы, 200 түк чөп жана 1 жарым тонна эндей чөп толугу менен күйдү. Өрт эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда" , - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан