Аламүдүн районунун Мурас-Ордо конушунда 1 жашар наристе дааратканага түшүп кетип чарчап калды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Белгилүү болгондой, 4-октябрда турак үйдүн ажатканасына 2020-жылы туулган А.Р. аттуу бала түшүп кеткен. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүүлөр каза болгон баланын жансыз денесин чыгарып алышкан.
Сентябрь айында мындай жүрөктү тилген көрүнүш Кара-Суу районунда болуп, 2 жашар кыз каза болгон эле.