Венгрия элчилиги октябрь айынан тарта Кыргыз жарандарына Шенген визасын бере баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Кыргыз өлкөсү менен Венгриянын тышкы иштер министрлери Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап Кыргыз жарандарына Венгрияга жана Европа Биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы жөнүндө макулдашты. Бул Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн виза алуу процессин кыйла жеңилдетет", - деп билдиришти министрликтен.
Мындан тышкары, жолугушууда тышкы иштер министрлери Ооганстандагы кырдаалды талкуулашкан.
Венгриянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги 2020-жылы Бишкек шаарында ачылган.