Бишкектин 6-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринен 61 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Анда үйдөн 1960-жылы туулган П.В. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.