Көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысы Гүлнара Кахарованын жакында эле маданияттагы эмгеги бааланып, президент тарабынан сыйланып Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон. Ырчы айымды сыйлыгы менен куттуктап, кепке тарттык.
"Жакшы көрүү сезимдердин аркасында жолдошум экөөбүз жашап келе жатабыз. Бири-бирибизди түшүнгөнгө аракет кылабыз. Таптакыр урушпайбыз, бири-бирибиздин карегибиз менен айланып турабыз дегенден алысмын, ошол себептүү бардык кыйынчылыкты көтөрүш керек. Бүгүн урушуп жатсаң, балким, ал эртеңки бакыттын пайдубалы чыгар. Баары жөн эле болуп калбайт. Ар бир тепкичти басып өтүш керек. Тамга чыгып баратып деле шатынын бир тепкичин баспай калсаң кантип жетесиң? Ошол сыяктуу эле баарын көрүш керек", - дейт Кахарова.
Толугу менен видеодон көрүңүз.