Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Таймурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу өзү менен кабарлашканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, ал мандатын кечээ, 4-октябрда тапшырган. Ошондой эле алдыдагы парламенттик шайлоого катышпай турганын белгиледи. Эмне себептен мандатын тапшырып жатканын ачыктаган жок.
Таймурас Ташиев "Ата-Журт-Кыргызстан" саясий партиясынын катарында Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.